# 32-берене. Коомдук мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу жактардын укуктары

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 32-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-32

---

1. Коомдук мергенчилик контролду жүзөгө ашыруучу жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарды бузуу учурларын эркин формада акт түзүү түрүндө жазып белгилөөгө;

2) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдардын сакталышына байкоо жүргүзүүгө;

3) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн) ишине көмөк көрсөтүүгө.

2. Коомдук мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарды бузуу учурлары боюнча түзүлгөн актыларды аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө;

2) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарды бузуу жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-33)
