# 31-берене. Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 31-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-31

---

1. Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу;

1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуучуларды кармоого, инсандыгын белгилөөгө, документтерин текшерүүгө, кармалган адамдарды жеке тинтүүнү жана алардын жанында болгон буюмдарын, куралдарын жана башка аңчылык куралдарын, сууда сүзүүчү жана транспорттук каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө протоколдорду түзүүгө;

2) укук бузуучулардан мыйзамсыз олжолонгон аңчылыктын продукцияларын, куралдарын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин олжолоонун башка куралдарын, ошондой эле алып коюну белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу менен мергенчилик ырастамасын жана башка документтерин алып коюуга.

2. Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө протоколдорду жана алынып коюлган укук бузууларды жасоо предметтерин жана куралдарын, анын ичинде мыйзамсыз олжолонгон жаратылыш объекттерин жана башка аңчылык продукцияларын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) өткөрүп берүүгө;

2) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун бардык фактылары боюнча маалыматтарды берүүгө.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-32)
