# 28-берене. Аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алуу

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 28-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-28

---

1. Аңчылыкты пайдалануучулар өздөрүнө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерде жаныбардын түрүн, олжолонгон жерин жана датасын, жаныбардын болжолдуу жашын жана эркек-ургаачы экендигин, аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү башка параметрлерин көрсөтүү менен аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алууну жүргүзүүгө милдеттүү.

2. Аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алуунун маалыматтары аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте берилет, аңчылык жаныбарларынын мониторингинин алкагында сакталат жана талдоого алынат.

3. Олжолонгон туяктуу жаныбарлар мергенчилик кылуучу жеринде аңчылыкты пайдалануучунун өкүлү же аңчы тарабынан пломбалар (биркалар, микрочиптер, эн тамгалар) менен маркирленет.

4. Жаратылыш чөйрөсүнөн алынган жана (же) колдо бастырылып чыгарылган алгыр жырткыч куштар аңчылыкты пайдалануучунун өкүлү же кармоочу тарабынан алардын эсебинен түшпөс шакекчелер же болбосо микрочиптер менен белгиленүүгө тийиш. Кармалган алгыр кушту күтүүчү куштагы шакекчени жана (же) микрочипти мөөнөтсүз калтырууга милдеттүү.

5. Пломбалар (биркалар, шакекчелер, микрочиптер, эн тамгалар) катуу отчеттуулуктагы, эсепке алуу сериясы жана номери бар бирдиктүү мамлекеттик үлгүнүн предметтери болуп саналат, аларды берүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмү) тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Пломбалар (биркалар, шакекчелер, микрочиптер, эн тамгалар) менен маркирлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелери менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-29)
