# 22-берене. Аңчылык

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 22-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-22

---

1. Кыргыз Республикасында аңчылык аңчы статусуна ээ болгон жеке жактар же мергенчиге теңдештирилген жактар тарабынан ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Атылуучу, пневматикалык жана ыргытуучу курал, алгыр жырткыч куштар, капкандар жана аңчылыктын башка шаймандары же болбосо аңчылыктын продукциясы менен мергенчилик кылуучу жерлердин курамына кирбеген мергенчилик кылуучу жерлеринде жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын участокторунда (зоналарында) болуу аңчылыкка теңдештирилет.

3. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу кимдир-бирөөлөргө берилбеген мергенчилик кылуучу жерлерде аңчылык жаныбарларына аңчылыкка жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-23)
