# 21-берене. Аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү максатында жер ээлеринин, жерди пайдалануучулардын жана башка жаратылыштык ресурстарды пайдалануучулардын укуктарын чектөө

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 21-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-21

---

1. Аңчылык ресурстарын жана алардын жашоо чөйрөсүн сактоо максатында жер ээлеринин, жерди пайдалануучулардын жана башка жаратылыштык ресурстарды пайдалануучулардын айыл чарба жана башка иштерди (анын ичинде мал жаюуну жана чөп чабууну) жүзөгө ашырууга укугу төмөнкүдөй толук же жарым-жартылай чектелет:

1) чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруунун алкагында белгиленүүчү жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарында;

2) мергенчилик чарбаны пландаштыруунун алкагында белгиленүүчү өзгөчө мергенчилик чарба маанисиндеги (көбөйтүү участоктору, мергенчилик лагерлери жайгаштырылган жерлер) зоналарда.

2. Ушул аймактарда жер ээлеринин, жер пайдалануучулардын жана башка жаратылыштык ресурстарды пайдалануучулардын айыл чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууга укуктарын чектөө жер ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тийиштүү аймактардагы жерди пайдалануучулардын милдеттенмелерине киргизилет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-22)
