# 20-берене. Айыл чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү табийгый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо аңчылык жаныбарларын сактап калуу жана алардын өлүмүн болтурбоо

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 20-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-20

---

1. Аңчылык жаныбарларынын абалына жана алардын жашоо шарттарына таасир көрсөтүүчү же көрсөтө алуучу айыл чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда аңчылык жаныбарларын жана алардын жашоо чөйрөсүн, жаныбарларды көбөйтүү шарттарын жана миграция болуу жолдорун сактоо, аңчылык жаныбарларынын ылаңдарын жана өлүмүн болтурбоо боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.

2. Жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү табийгый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо аңчылыкты пайдалануучулар жана башка кызыкдар адамдар тарабынан аңчылык жаныбарларын куткаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-21)
