# 19-берене. Аңчылык питомниктери, аңчылык жаныбарларын кайра аклиматташтыруу жана гибриддештирүү

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 19-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-19

---

1. Аңчылык жана көбөйтүү, сатуу жана башка максаттар үчүн пайдалануу жана аңчылык жаныбарларын кайра аклиматташтыруу үчүн андан ары мергенчилик кылуучу жерлерине чыгаруу менен аңчылык жаныбарларын жарым-жартылай эркин шарттарда же жасалма түзүлгөн чөйрөдө (колдо) багуу (көбөйтүү, өстүрүү) милдеттүү экологиялык экспертизага жаткан долбоорлордун негизинде жүзөгө ашырылып, алардын бир нускасы аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

2. Жаратылыш чөйрөсүнөн алынган жана колдо багылган же ушул максат үчүн сатып алынган аңчылык жаныбарлары жана аларды багуучу юридикалык жана жеке жактар (күтүүчүлөр) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүндө) каттоого жатат. Күтүүчүлөр сатып алгандан же жаныбарларды жаратылыш чөйрөсүнөн алгандан кийин 10 күндөн кечиктирбестен багуудагы жаныбарларга идентификациялык карталарды (паспортторду) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүндө) жол-жоболоштурат.

3. Ар кайсы түрлөргө же түрчөлөргө таандык болгон аңчылык жаныбарларын гибриддештирүүгө (аргындаштырууга), ошондой эле аргындаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө жол берилбейт.

4. Аңчылык жаныбарларын жарым-жартылай эркин шарттарда же жасалма түзүлгөн чөйрөдө (колдо) багуу (көбөйтүү, өстүрүү) жана жаныбарларды кайра аклиматташтыруу илимий негизделген сунуштамаларды, аңчылык жаныбарларынын популяцияларына, экотутумдардын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана абалына карата күтүлгөн жана мүмкүн болуучу таасирлерди талдоону эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

5. Аңчылык жаныбарларынын чоочун түрлөрүн жана түрчөлөрүн интродукциялоого тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-20)
