# 16-берене. Аңчылык жаныбарларынын кадастры

- Документ: [Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205263)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 41 "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5029/edition/1284054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205263/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө, 16-берене (13.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-16

---

1. Аңчылык жаныбарларынын кадастры популяциялардын таралуу ареалдары, алардын саны жана түзүмү, жашаган жерлеринин абалы, аңчылык алкагындагы олжолоо, аларды мыйзамсыз олжолоо фактылар боюнча, жаратылыш чөйрөсүнөн алынган колдо багылган алгыр жырткыч куштар (шумкар сымалдар) жана башка аңчылык жаныбарлары боюнча мониторингдин маалыматтарын жана аңчылык жаныбарлары боюнча башка маалыматтарды камтыйт.

2. Аңчылык жаныбарларынын кадастры алардын абалын жана көбөйүү жөндөмдүүлүктөрүн баалоо жана божомолдоо, аларды туруктуу пайдаланууну координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, мергенчилик чарба иштерин өнүктүрүүнүн келечектүүлүгүн аныктоо максатында жүргүзүлөт.

3. Аңчылык жаныбарларынын кадастры жаныбарлар дүйнөсүнүн абалын жана мүнөздөмөсүн белгилүү бир экономикалык наркы бар жаратылыш ресурсу катары баалоо үчүн маалыматтын негизги расмий булагы катары кызмат кылат.

4. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

5. Аңчылыкты пайдалануучулар жана башка адамдар аңчылык жаныбарларынын кадастрына киргизүү үчүн аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кадастрдык маалыматтарды берет.

6. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

7. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү болгон жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин, суу объекттеринин, токой жана жер ресурстарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тутумуна кирет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205263/st-17)
