1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 13.06.2024 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: биотехникалык иш-чаралар - аңчылык ресурстарынын санын жана түрдүк курамын табигый шарттарда кармап туруу, оптималдаштыруу, мергенчилик кылуучу жерлердин продуктуулугун жогорулатуу максатында аңчылык жаныбарларына жана алардын жашоо чөйрөсүнө (мергенчилик кылуучу жерлерге) түздөн-түз таасир этүүчү иш-чаралар; көбөйтүү участоктору - чарбалык иштердин жана аңчылыктын убактылуу же туруктуу чектөөлөрү бар мергенчилик кылуучу жерлердин участоктору; ички чарбалык аңчылыкты уюштуруу - жерлерди инвентаризациялоо, мергенчилик чарба карталарын түзүү, фаунаны эсепке алуу, көбөйтүү жана башка иш-чаралардын планын негиздөө, мергенчилик чарбасын өнүктүрүү багыттарын жана жолдорун белгилөө боюнча иштердин комплекси; гибриддештирүү - ар кайсы түрлөргө же түрчөлөргө таандык болгон жаныбарларды аргындаштыруу; мамлекеттик мергенчилик ырастама - жеке жактын аңчынын статусун алгандыгын ырастоочу мамлекеттик документ; мамлекеттик мергенчилик фонду - алардын жашоо чөйрөсүн бирге алганда аңчылык жаныбарларынын жыйындысы; аңчылык жаныбарларын олжолоо - аларды атып алуу же кармап алуу жолу менен аңчылык жаныбарларын табигый чөйрөдөн алуу; Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби (мындан ары - Кызыл китеп) - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жана козу карындардын биологиясы, таралышы жана жашоо чөйрөсүнүн абалы, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы; лимит - республиканын мергенчилик кылуучу жерлеринин бардык аймагында же белгилүү бир мергенчилик кылуу жерлеринде белгиленүүчү популяциялардын туруктуу жашоосун жана көбөйүү жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен табигый чөйрөдөн алуу максаттарына карабастан алууга жол берилген айырмаланган түрлөрүнүн чектелген саны; чарбалар аралык аңчылыкты уюштуруу - мергенчилик чарба иштерин жана аны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зоналарын белгилөөнү жүзөгө ашыруу үчүн арналган мергенчилик кылуучу жерлердин участокторунун чек араларын аныктоо боюнча иштердин комплекси; аңчылык ресурстарынын мониторинги - аңчылык ресурстарынын таркалышына, санына, дене-бой абалына, популяциялардын жыныстык-курактык түзүмүнө, алардын жашоо чөйрөсүнүн сапатына жана аянтына ар дайым байкоо жүргүзүү тутуму; пайдалануу ченемдери - популяциялардын туруктуу жашоого жана кайра көбөйүүгө жөндөмдүүлүгүн эске алуу менен, белгилүү бир мезгилге, конкреттүү мергенчилик кылуучу жерлерге же бир аңчыга белгиленүүчү табигый чөйрөдөн алууга карата жол берилген аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген өзгөчөлөнгөн түрлөрүнүн чектелген саны; аңчылардын бирикмеси - аңчылыкты жүзгө ашырууга алардын укуктарын ишке ашыруу үчүн кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде биригишкен жеке жактар (аңчылар) тарабынан (коомдоштук, клубдар жана башка уюмдар түрүндө) түзүлгөн ыктыярдуу, өз алдынча башкарылуучу уюм; аңчылык - олжолоо максатында мергенчилер тарабынан издөөнү, аңдууну, артынан түшүүнү жүзөгө ашыруу процессин жана табигый эркиндик абалындагы, же жарым-жартылай эркин шарттардагы жапайы айбанаттарды жана канаттууларды иш жүзүндө олжолоонун (кармап алуу же атып алуу жолу менен) өзүн билдирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун түрү; аңчы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик мергенчилик ырастамасын алган жеке жак, же болбосо аңчыга теңдештирилген адам; мергенчилик минимуму - аңчынын, аңчылыкты пайдалануучунун, алгыр жырткыч куштарды багуучунун билүүгө зарыл болгон аңчылык жаныбарларынын биологиясы, аңчылыктын эрежелери жана ыкмалары, курал колдонуудагы коопсуздук чаралары, аңчылык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги жана аңчылык жана мергенчилик чарбасына байланышкан башка маселелер боюнча минималдуу маалыматтардын комплекси; мергенчилик чарба иши - мергенчилик кылуучу жерлерде аңчылык жаныбарларын сактоо жана туруктуу пайдалануу, аларды көбөйтүү жана мергенчилик жерлердин продуктуулугун арттыруу боюнча чарбалык иштердин түрү; аңчылык жаныбарлары - аларды сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу жаратылыштын табигый шарттарында же аңчылык питомниктеринде болгон алардын түрдүк таандыгы боюнча (жапайы айбанаттар жана канаттуулар) жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчөлөнгөн түрлөрү. Алардын тизмеги Кыргыз Республикасында Аңчылык эрежелеринде көрсөтүлөт; аңчылык ресурстары - аңчылык жаныбарларынын түрдүк жана сандык жыйындысы; мергенчилик кылуучу жерлер - юридикалык жактарга мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилиши мүмкүн болгон, аңчылык жаныбарларынын жашоо чөйрөсү болуп кызмат кылган белгилүү бир чек аралары бар аймактар же акваториялар; аңчылык питомниги - аңчылык кылуу жана көбөйтүү үчүн, ошондой эле башка максаттарды ишке ашыруу (сатуу) үчүн мергенчилик кылуучу жерлерге кийинчерээк кое берүү максаты менен аңчылык жаныбарларын жарым-жартылай эркин шарттарда же колдо багууну (көбөйтүүнү, өстүрүүнү) жүзөгө ашыруучу чарбалык бөлүм; аңчылыкты пайдалануучу - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө Келишимге ылайык берилген белгилүү бир мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын жүргүзүү укугуна ээ (менчигинин формасына жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан) юридикалык жак; мергенчилик чарба пландары - мергенчилик кылуучу жерлерде мергенчилик чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана жүргүзүү боюнча пландар; аңчылык продукциясы - аңчылыкты жүзөгө ашыруунун натыйжасында олжолонгон/алынган аңчылык жаныбарлары, алардын эти, терилери жана башка продукциялар; аңчылык жаныбарларын олжолоого жолдомо - аңчылыкты пайдалануучуга мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерде аңчылык жаныбарларынын лимиттелбеген түрлөрүнүн ченеми боюнча олжолоого аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчыга берилүүчү уруксат документи; кайра акклиматташтыруу - ал жерде мурда жок болуп кеткен жаныбардын түрүн кандайдыр бир жерге жасалма кайра алып келүү; аңчылык ресурстарын сактоо - аңчылык жаныбарларынын түрдүк, генетикалык, экотутумдук ар түрдүүлүгүн күтүүгө жана туруктуу көбөйүшү үчүн алардын популяцияларынын жетиштүү болгон санын сактап калууга мүмкүндүк берүүчү абалда аңчылык ресурстарын сактоо боюнча иш; аңчылык ресурстарын туруктуу пайдалануу - алардын абалын, түзүмүн жана популяциялардын генетикалык курамын начарлатууну жана жашоо чөйрөсүн начарлатууну жокко чыгаруучу аңчылык ресурстарын узак мөөнөттүү пайдалануу.
Берененин тексти 13.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 556 ""Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.10.2016 · № 556 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205263/st-1" title="1-берене - Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>