Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-22.
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 27-февралы № 37 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9. 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 39-4-статья менен толукталсын: "39-4-статья. Автомобиль жолдорун куруу. ондоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим Автомобиль жолдорун куруу. оңдоп куруу жана оңдоо боюнча жол иштерин жүргүзүүгө келишим келишимди аткарууну кепилдик жактан камсыз кылуунун милдеттүү шарты жана объектти эксплуатациялоонун кепилдик мөөнөтүн көрсөтүү менен түзүлөт. Кепилдик мөөнөт курулушу бүткөрүлгөн жаңы автомобиль жолдору буюртмачыга өткөрүлгөн учурдан тартып эсептелинет жана эки жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жана оңдолгон автомобиль жолдору үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт. Кепилдик мөөнөттүн чектеринде анын катышуусу менен комиссия тарабынан белгиленген көтөрмөчүнүн күнөөсү боюнча кемтиктер табылган учурда, автомобиль жолунун ошол элементине же участогуна кепилдик мөөнөтү кемтиктерди четтетүү боюнча иштер буткөрүлгөн учурдан тартып кайрадан белгиленет. Табылган кемтиктерди четтетүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн узактыгы кепилдик мөөнөткө кошуп эсептелбейт. Эскертүү. Кепилдик мөөнөт - автомобиль жолунун участогун куруу. ондоп куруу жана оңдoo боюнча иштерди аткарган котормочу буюртмачыга автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун эрежелерин сактоо шартында мындай иштердин сапатынын коюлган талалтарга ылайык келишине кепилдик берген убакыттын мезгили.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104