# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205257)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205257/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5023/edition/1197204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205257/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 2-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205257/st-2

---

"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 337-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- ар бир конкреттүү ченемдик акты менен ченемдик укуктук актылардагы өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу жана ишкердик ишти укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ишкердик ишти жөнгө салуучу колдонуудагы жана кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин өткөрүүнүн жана аларга баа берүүнүн туруктуу негизи, ачык-айкындуулугу жана объективдүүлүгү.".

2. 3-берененин 2-бөлүгүндө:

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "бизнес-жамааттын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен өксүктөрдү жана карама-каршылыктарды табуу, ошондой эле укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун белгилөө максатында ченемдик укуктук базанын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүзөгө ашырат, ал жөнүндө жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына отчет берет;"; төртүнчү абзац "ушул Мыйзамда" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, ошондой эле Кыргыз Республикасында ишкердикти жөнгө салуунун натыйжалуулугу" деген сөздөр менен толукталсын;".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205257/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205257/st-3)
