# 1-берене

- Документ: [Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205254)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 32 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 40 "О противодействии экстремистской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112515)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205254/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5020/edition/1234681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205254/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (24.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205254/st-1

---

"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1-статьяда: төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1) экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого;"; төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: "экстремисттик уюмдардын атрибутикалары жана символикалары - ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга байланыштуу жоюу же тыюу салуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими кабыл алынган уюмдун атрибутикалары менен символикалары. Экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын жана символикаларын илимий максатта гана колдонууга жол берилет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205254/st-2)
