# КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 18.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5019/edition/1176554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205253

---

КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 18-февралы № 31 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексинин, КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205253/st-1)

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205253/st-2)

"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205253/st-7)

төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасына алып келүүнүн жана анын чегинен тышкары алып кетүүнүн, ошондой эле иштеп чыгуунун, өндүрүүнүн, сертификациялоонун, сатуунун жана сатып алуунун белгиленген эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205253/st-3)

(КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205253/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
