2-берене
Күчүндө · 04.02.2014 редакциясы
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 31-статьянын
4-пункту "берүүнү" деген сөздөн кийин "ушул Мыйзамдын 56-статьясынын 2-пунктуна ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 62-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде күрөө жөнүндө келишимде күрөө жүйөсүнө соттон тышкары тартипте өндүрүп алуу мүмкүндүгү каралбаса, күрөө жүйөсүн өндүрүп алуу соттун чечиминин негизинде сот тартибинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде күрөөгө коюлган мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте тарыхый, көркөм же коом үчүн башка маданий баалуулукка ээ болгон мүлккө киргизилген учурда, ошондой эле эгерде күрөө жүйөсү жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, ушул Мыйзамдын 42-1-статьясында каралган учурларды кошпогондо, күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет.".
3. 65-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосундагы күрөө жөнүндө келишим же болбосо кийинки макулдашуулары менен бирге түзүлгөн соттон тышкары тартипте күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу тууралуу келишимде соттон тышкары тартип каралган болсо, күрөө берүүчүнү жана аны менен бирге турган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле үчүнчү жактарды өз алдынча ээлеп алган жактар катары чыгаруу күрөө жүйөсү жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналган учурлардан тышкары, прокурордун санкциясы менен соттон тышкары административдик тартипте жүргүзүлөт.".
4. 68-статьянын 1-пунктунда:
биринчи сүйлөмүндө "Күрөө" деген сөз "Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, күрөө" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи сүйлөмүндө "Күрөө" деген сөз "Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, күрөө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 72-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде күрөө жүйөсү кыймылсыз мүлк болуп саналса, анда андай жүйө ачык торуктарда сатуу жолу менен сатып өткөрүлөт. Эгерде күрөө жүйөсү жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналган учурда, ушул Мыйзамдын 42-1-статьясында каралган учурларды кошпогондо, күрөөнүн жүйөсүн өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет.".
6. 74-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Соттук же соттон тышкары тартипте торуктардын уюштуруучусу катары мүлктүк кызыкчылыгы бар адам дайындалышы мүмкүн эмес, атап айтканда:".
7. 75-статьянын 5-пунктунда "жети" деген сөз "20" деген санга алмаштырылсын.
Берененин тексти 04.02.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205249/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>