# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы](https://aqlex.ai/kg/doc/205249)
- Толук аталышы: 2014-жылдын 4-февралы № 27 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205249/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5015/edition/497653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205249/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы, 1-берене (04.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205249/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 335-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Эгерде күрөөгө коюлган мүлк мыйзамдарда белгиленген тартипте тарыхый, көркөм же коом үчүн башка маданий баалуулукка ээ болгон мүлккө киргизилген учурда, ошондой эле эгерде күрөө предмети жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, күрөөнүн предметин өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет. Ушул ченем банктын же башка кредиттик уюмдун зайымдык акча каражаттарын (кредиттик) же болбосо жеке же юридикалык жак тарабынан берилген максаттуу зайымдын каражаттарын пайдалануу менен сатып алынган же болбосо курулган ипотека түйшүгү жүктөлгөн турак жай үйгө же батирге жайылтылбайт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205249/st-2)
