# 1-берене

- Документ: [Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205247)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 25 "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205247/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5013/edition/496679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205247/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205247/st-1

---

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 213-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, кызмат адамдарына - элүү, юридикалык жактарга - эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.". 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, кызмат адамдарына - жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет".

2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 213-1 - 213-6-статьялар менен толукталсын:

"213-1-статья. Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз же атайын уруксатсыз ишке ашыруу Чет өлкөлүк ташуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык автомобилдик ташууларды эл аралык макулдашуулар менен каралган уруксатсыз же атайын уруксатсыз ишке ашыруу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалганда, - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [213-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205247/st-213-2)
