# 7-берене. Куралдуу Күчтөргө жетекчилик

- Документ: [Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/205246)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 24
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205246/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5012/edition/495910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205246/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 7-берене (03.02.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205246/st-7

---

1. Кыргыз Республикасын коргоого жана Куралдуу Күчтөрүнө жогорку жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы) - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Төрагасы (мындан ары - Коргоо кеңеши) жүзөгө ашырат.

2. Коргоо кеңеши коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу конституциялык консультативдик орган болуп саналат.

Коргоо кеңешинин иштөө тартиби Мыйзам менен белгиленет.

3. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоого жана колдонууга түздөн-түз жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы) жүзөгө ашырат, ал аскердик башкаруунун борбордук органы жана Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү ыкчам башкаруунун башкы органы болуп саналат.

Аскердик же өзгөчө абалды киргизүүдө же ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, өзүнүн компетенциясынын чектеринде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.

4. Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө мамлекеттик аскердик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнө кирген, коргоо маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган ишке ашырат, жетекчинин ыйгарым укугуна тиешелүү маселелер боюнча анын буйруктары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса, Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн милдеттүү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205246/st-1)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205246/st-8)
