1-берене
Күчүндө · 03.02.2014 редакциясы
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: "3-1) коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууну пландоо;"; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик коопсуздукту жана коргоону камсыз кылууга даярдыкта өнүктүрүү, даярдоо жана кармап туруу;"; 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагын жана аба мейкиндигин коргоо;"; 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле радиожыштык спектрин коргоо кызыкчылыктарында пайдаланууну пландоо;".
2. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын:
"9) коргоону уюштурууга жана Куралдуу Күчтөрдү курууга көз караштардын биримдиги;
10) Куралдуу Күчтөрдү куруунун, өнүктүрүүнүн, даярдоонун жана колдонуунун теориясынын жана практикасынын улануучулугу;
11) Куралдуу Күчтөрдүн курамынын, уюштуруучулук-штаттык түзүмүнүн, санынын тынчтык мезгилинде аскердик коопсуздукту жана согуш мезгилинде куралдуу коргонууну камсыз кылуу милдеттерине ылайыктуулугу.".
3. 6-8-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы, милдеттери
1. Куралдуу Күчтөр аскердик башкаруу органдарынан, коргоо жана мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин алып баруучу мамлекеттик органдардын бирикмелеринен жана бөлүктөрүнөн, Улуттук гвардиядан турат.
Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды баскынчылыктан куралдуу коргоо;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын, анын экономикалык кызыкчылыктарын куралдуу коргоо жана кайтаруу;
3) аймактык коргонууга катышуу;
4) өзгөчө жана аскердик абалдардын режимдерин кармоо;
5) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жана табигый, технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
6) терроризмге жана экстремисттик иш-аракетке каршы күрөшүүгө катышуу;
7) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармоо боюнча иш-аракеттерге катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерди кайтаруу;
9) ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
2. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.
Башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат, алардын катарына кризистик кырдаалдарды чечүү кирет. Эскертүү. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн кризистик кырдаалдар дегенде куралдуу козголоң; этностор аралык чыр-чатактар; аларды бузууну кошуп алганда, республикалык маанидеги жолдорду жана стратегиялык объекттерди куралдуу тосмолоо, басып алуу, табигый жана технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар түшүнүлөт.
Берененин тексти 03.02.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205246/st-1" title="1-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>