# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1520/edition/602966/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (29.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20524

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 29-декабры № 135

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри кызматына Д.А. Ниязалиеваны дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 230 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ниязалиева Дамира Абаскановнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ниязалиева Дамира Абаскановнанын № 040 депутаттык күбөлүгү 2014-жылдын 29-декабрынан тартып жараксыз деп эсептелинсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
