# КР 2014-жылдын 27-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 27-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5005/edition/493353/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 27-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205238

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 27-январы № 17 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205238/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 186-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "экиден беш" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 193-статьянын экинчи абзацындагы "экиден беш" деген сөздөр "ондон элүү" деген сөздөр менен; "бештен он" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 509-статьяда "жана 186, 191-195-статьялар" деген сөз жана сандар ", 191, 192, 194, 195" деген сандарга алмаштырылсын.

4. 534-1-статьядагы "185," санынан кийин "186, 193," деген сандар менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205238/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
