# 5-берене

- Документ: [Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205237)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 27-январындагы № 16 "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5004/edition/565734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205237/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 5-берене (27.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-5

---

Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:

1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга;

2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга;

3) коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган адамдарга;

4) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар деп табылган адамдарга;

5) ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, кылмыш жасаган жана издөөдө жүргөн адамдарга;

6) жазык жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу бөлүгүндө аларга карата мурда мунапыс же ырайым кылуу актылары колдонулган жана кайрадан билип туруп кылмыш жасаган адамдарга;

7) уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ), кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун) курамында кылмыш жасаган адамдарга;

8) кызматтык кылмыш жасаган адамдарга (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясы, 304-статьясы, 304-1-статьясы, 305-статьясы, 305-1-статьясы, 305-2-статьясы, 306-статьясы, 307-статьясы, 307-1-статьясы, 308-статьясы, 308-1-статьясы, 309-статьясы, 313-статьясы, 313-1-статьясы, 313-2-статьясы, 314-статьясы, 315-статьясы, 315-1-статьясы).

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-6)
