5-берене
Күчүндө · 27.01.2014 редакциясы
Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:
1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга;
3) коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасаган адамдарга;
4) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучулар деп табылган адамдарга;
5) ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, кылмыш жасаган жана издөөдө жүргөн адамдарга;
6) жазык жоопкерчилигинен же жазадан бошотуу бөлүгүндө аларга карата мурда мунапыс же ырайым кылуу актылары колдонулган жана кайрадан билип туруп кылмыш жасаган адамдарга;
7) уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ), кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун) курамында кылмыш жасаган адамдарга;
8) кызматтык кылмыш жасаган адамдарга (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясы, 304-статьясы, 304-1-статьясы, 305-статьясы, 305-1-статьясы, 305-2-статьясы, 306-статьясы, 307-статьясы, 307-1-статьясы, 308-статьясы, 308-1-статьясы, 309-статьясы, 313-статьясы, 313-1-статьясы, 313-2-статьясы, 314-статьясы, 315-статьясы, 315-1-статьясы).
Берененин тексти 27.01.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Жазык-аткарууКодекс · 13.12.1999 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205237/st-5" title="5-берене - Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>