# 3-берене

- Документ: [Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205237)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 27-январындагы № 16 "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5004/edition/565734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205237/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 3-берене (27.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-3

---

1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна дал келбеген адамдарга жазанын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөндөгүдөй кыскартылсын:

1) жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго - жарымын;

2) 5 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда атайылап жасаган кылмышы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна дал келбеген соттолгондорго - жарымын;

3) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 5 жылдан ашык жана 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алгандагы мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - үчтөн бирине;

4) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылдан ашык жана 15 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - төрттөн бирине;

5) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - бештен бирине;

6) тарбиялык жатак-абактарында жаза өтөп жаткан, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгон жашы жетпегендерге - жарымын.

2. Ушул Мыйзамга ылайык аларга карата жазанын мөөнөтү кыскартылган адамдарга ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө жазанын мөөнөтүн жаңыча эсептөө жөнүндө кол койдуруу менен расмий маалымдалууга тийиш.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-4)
