# 16-берене

- Документ: [Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205237)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 27-январындагы № 16 "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5004/edition/565734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205237/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 16-берене (27.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бардык деңгээлдердеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары төмөндөгүлөрдү камсыз кылсын:

1) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпегендерди алар жашаган жерине келгенден кийин өз убагында эсепке турушуна, алардын эмгекке орношуусуна же ата-энелеринин же болбосо үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл учурларда аларды жашаган жерине келген күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен балдар үйлөрүнө, жатак-мектептерге жайгаштырууга көмөк көрсөтүүнү;

2) жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо боюнча ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын ишин координациялоону;

3) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган бардык адамдарды өз убагында эсепке алууну, аларды жашаган жерине келген күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусун уюштурууга; аларды багып алышы мүмкүн болгон туугандары жок, жазадан бошотулган майыптарды жана улгайгандарды майыптар же улгайгандар үчүн үйлөргө жайгаштырууга;

4) алардын коомго тезирээк көнүгүшүнүн максатында ушул Мыйзамдын негизинде эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошотулган адамдар менен айкын реабилитациялык жана алдын алуучулук иш-чараларын жүргүзүүгө ички резервдерди издеп табууну же болбосо каражаттарды тартууну.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына башка органдар менен биргелешип жазадан бошотулган жана кургак учуктун оор түрү менен ооруган адамдарды атайын дарылоо мекемелеринде эсепке алууну жана аларга жиберүүнү милдеттүү тартипте уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы башка мамлекеттердин жарандары болуп саналган, жазадан бошотулган адамдарды эсепке алууну жана өлкөдөн чыгарып жиберүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-17)
