# 14-берене

- Документ: [Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205237)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 27-январындагы № 16 "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5004/edition/565734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205237/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 14-берене (27.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-14

---

Ушул Мыйзамды колдонуу прокурор тарабынан санкцияланган ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомунун негизинде, ошондой эле соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат. Токтомго соттолгондун өздүк иши, сыйлыктары менен жаза чаралары жөнүндө маалымкат жана мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон башка документтер тиркелет. Соттор тарабынан ушул Мыйзамды колдонууда прокурордун катышуусу милдеттүү болот. Жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому прокурор тарабынан санкцияланган күндөн же болбосо мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат. Материалдык зыяндын суммасы 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдардан тышкары, доолук карыздары бар адамдарга карата жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим алар тарабынан материалдык зыяндын суммасынын орду толук толтурулгандан кийин кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-15)
