# 13-берене

- Документ: [Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205237)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 27-январындагы № 16 "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5004/edition/565734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205237/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 13-берене (27.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-13

---

Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) тергөө жана прокуратура органдарына - алардын кылмыштары жөнүндө иштер жана материалдар ал органдардын өндүрүшүндө болгон адамдарга карата;

2) сотторго:

- алардын кылмыштары жөнүндө иштер соттордун өндүрүшүндө болгон жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин карала элек адамдарга карата, ошондой эле алардын кылмыштары жөнүндө иштер каралган, бирок өкүмдөр мыйзамдуу күчүнө кире элек адамдарга карата;

- жаза пулга, үч эсе айыпка, мүлкүн конфискациялоого соттолгон адамдарга карата, ошондой эле өкүмдү аткаруу мөөнөтү аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясы менен белгиленген тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата;

3) түзөтүү мекемелеринин, тергөө изоляторлорунун начальниктерине - түзөтүү мекемелеринде жүргөн, жазаны андан ары өтөөдөн жана жаза мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө толук бошотулууга жаткан соттолгондорго карата;

4) жазык-аткаруу инспекцияларына - коомдук жумуштарга, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө соттолгон адамдарга карата, ошондой эле шарттуу соттолгон адамдарга жана жазадан шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана жазык-аткаруу инспекцияларынын контролунун астында жүргөн адамдарга карата;

5) аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгына - шарттуу соттолгон, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган аскер кызматчыларына карата, ошондой эле тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого соттолгон аскер кызматчыларына карата.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-14)
