Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене
Күчүндө · 27.01.2014 редакциясы
Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлөт:
1) тергөө жана прокуратура органдарына - алардын кылмыштары жөнүндө иштер жана материалдар ал органдардын өндүрүшүндө болгон адамдарга карата;
2) сотторго:
- алардын кылмыштары жөнүндө иштер соттордун өндүрүшүндө болгон жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин карала элек адамдарга карата, ошондой эле алардын кылмыштары жөнүндө иштер каралган, бирок өкүмдөр мыйзамдуу күчүнө кире элек адамдарга карата;
- жаза пулга, үч эсе айыпка, мүлкүн конфискациялоого соттолгон адамдарга карата, ошондой эле өкүмдү аткаруу мөөнөтү аларга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясы менен белгиленген тартипте кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата;
3) түзөтүү мекемелеринин, тергөө изоляторлорунун начальниктерине - түзөтүү мекемелеринде жүргөн, жазаны андан ары өтөөдөн жана жаза мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө толук бошотулууга жаткан соттолгондорго карата;
4) жазык-аткаруу инспекцияларына - коомдук жумуштарга, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө соттолгон адамдарга карата, ошондой эле шарттуу соттолгон адамдарга жана жазадан шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана жазык-аткаруу инспекцияларынын контролунун астында жүргөн адамдарга карата;
5) аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгына - шарттуу соттолгон, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган аскер кызматчыларына карата, ошондой эле тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого соттолгон аскер кызматчыларына карата.
Берененин тексти 27.01.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205237/st-13" title="13-берене - Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>