# 1-берене

- Документ: [Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205237)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 27-январындагы № 16 "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5004/edition/565734/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205237/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 1-берене (27.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-1

---

Жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү негизги жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөр бошотулсун:

1) беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпеген адамдар;

2) 60 жаштан улгайган эркектер, ошондой эле 55 жаштан улгайган аялдар;

3) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган, же алардын багуусунда I топтогу майып ата-энелери бар адамдар;

4) үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар, ошондой эле кош бойлуу аялдар;

5) I жана II топтогу майыптар;

6) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан ашык эмести түзгөн адамдар;

7) анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205237/st-2)
