# 416-4-статья. Сотко чейинки тездетилген өндүрүш иштери боюнча прокурордун аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205231)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 15-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205231/st-416-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4998/edition/858820/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 416-4-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205231/st-416-4

---

(1) Сотко чейинки тездетилген өндүрүш тартибинде аякталган иш келип түшкөндө прокурор үч сутканын ичинде келип түшкөн ишти текшерүүгө жана төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттү:

1) сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекитүүгө жана ишти сотко жөнөтүүгө;

2) сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекитүүдөн баш тартууга жана кылмыш ишин козгоо жана тергөө өндүрүшү жөнүндө маселени чечүү тууралуу көрсөтүү менен иштин материалын тергөөчүгө жөнөтүүгө;

3) ушул Кодекстин 28-статьясында көрсөтүлгөн негиздер болгондо сотко чейинки тездетилген өндүрүш ишин токтотууга;

4) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65, 66-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер болгондо, анча оор эмес кылмыштар боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүштү токтотууга жана материалды аксакалдар сотунун кароосуна жиберүүгө.

(2) Сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколунун прокурор тарабынан бекитилиши кылмыш иши козголгондугун билдирет. (3) Сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекиткенден кийин прокурор айыпталуучуга протоколдун көчүрмөсүн тапшырууну камсыз кылат. Эгерде ал ошол тууралуу сунуштама берсе, протоколдун көчүрмөсүн арыз ээсине да тапшырылат.

---

Мурунку берене: [416-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205231/st-416-3)  
Кийинки берене: [416-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205231/st-416-5)
