# 416-1-статья. Сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205231)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 15-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205231/st-416-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4998/edition/858820/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 416-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205231/st-416-1

---

(1) Чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүш кылмыш фактысы даана, аны жасаган адам белгилүү болгон, ал өзүнүн күнөөсүн моюнуна алган, далилдерди, кылмыш менен келтирилген зыяндын мүнөзүн жана өлчөмүн талашпаган жана сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө макул болгон учурларда жүзөгө ашырылат. Кылмыш жасаган адамдын сотко чейинки тездетилген өндүрүшкө жазуу жүзүндө макулдугу жактоочунун катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Жактоочудан баш тартуу ушул Кодекстин 47-статьясынын ченемдерин сактоо менен жүргүзүлөт жана сотко чейинки тездетилген өндүрүш үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. (2) Сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн тартиби, ушул главада белгиленгендерди албаганда, ушул Кодекстин жалпы эрежелери менен аныкталат. (3) Сотко чейинки тездетилген өндүрүш иши боюнча тергөөгө таандыктуулук ушул Кодекстин 163-статьясынын эрежелери менен аныкталат. (4) Сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген кызмат адамы, тергөөчү сотко чейинки тездетилген өндүрүштө сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн материалдарын прокурорго бергенге чейин он сутканын ичинде окуя болгон жерди кароо жүргүзүүгө, экспертиза дайындоого, арыз ээсинин, көргөндөрдүн жана кылмыш жасаган адамдын жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрүн алууга, соттуулугу жөнүндө документтерди жана башка материалдарды, маалымкатты, мүнөздөмөлөрдү, аудио жана видео жазууларды талап кылууга укуктуу. Документтерди жана башка материалдарды талап кылуу ушул Кодекстин 90-статьясынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. (5) Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө арыз берген учурдан тартып арыз ээси юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жактоочуну чакырууга укуктуу. Арыз ээси, көргөндөр жана кылмыш жасаган адам жасалган кылмыштын белгилүү шарттары тууралуу суракка алынат. Суракка алынгандарга өзүнө, жубайына жана жакын туугандарына каршы түшүнүк бербөө укугу түшүндүрүлөт. (6) Кылмыш жасаган адамдан сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген кызмат адамынын, тергөөчүнүн жана соттун чакыруусу боюнча келүүсү жөнүндө жана ушул Кодекстин 116-статьясына ылайык жашаган жерин өзгөрткөндүгү жөнүндө аларга билдирүү жөнүндө тилкат алынат. Сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген кызмат адамына, тергөөчүгө же сот заседаниесине келбеген учурда адам мажбурлап алып келүүгө дуушар болушу мүмкүн. (7) Сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген кызмат адамынын, тергөөчүнүн, сотко чейинки тездетилген өндүрүш иштери боюнча прокурордун аракеттери жана чечимдери ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. (8) Ушул статьянын 3-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн тергөө аракеттерин жүргүзүү зарыл болгон учурда, иш тергөө өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча каралууга жатат. (9) Сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген кызмат адамы же сотко чейинки тездетилген өндүрүш боюнча тергөөчү дадилдер боюнча маселени ушул Кодекстин эрежелерине ылайык карайт.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205231/st-1)  
Кийинки берене: [416-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/205231/st-416-2)
