# КР 2014-жылдын 13-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 13-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4997/edition/1096990/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 13-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205230

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 13-январы № 10 Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205230/st-1)

"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча концепцияны иштеп чыгат жана бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Премьер-министрдин ар жылдык отчетунун алкагында анын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.".

2. 14-статьянын 1-бөлүгү "кенчтер" деген сөздөн кийин ", археологиялык табылгалар" деген сөздөр менен толукталсын.

3. 31-статьянын 2-бөлүгү "эстеликтер" деген сөздөн кийин "жана археологиялык табылгалар" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 40-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205230/st-2)

(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205230/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
