# КР 2014-жылдын 11-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4994/edition/1119906/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205227

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 11-январы № 7 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205227/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 372-берененин 1-бөлүгүндө "обочолонгон жана атайын тосулган, ЭЭЗ деп таанылуучу аймакта" деген сөздөр алып салынсын.

2. 373-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"373-берене. ЭЭЗдин субъекти ЭЭЗдин субъекти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗдин башкы дирекциясында эсептик каттоодон өткөн юридикалык жак.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205227/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
