# 9-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205226)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 211 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021148)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 211 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021148); 30.12.2014 [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 177 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226#diff=1236962..25395>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4993/edition/1236956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205226/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 9-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-9

---

1. ЭЭЗ түзүү, иштетүү жана жоюу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу;

2) ЭЭЗ иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча жумуштарды координациялоо;

3) ЭЭЗ башкы дирекциясынын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;

4) ЭЭЗ жөнүндө Жобону бекитүү;

5) ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жакты эсептик каттоонун тартибин бекитүү;

6) ЭЭЗ субъектинин уставдык капиталынын төмөнкү өлчөмү боюнча талаптарды аныктоо;

7) ЭЭЗ жоюунун тартибин бекитүү;

8) ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жакты эсептик каттоону ырастаган күбөлүктүн формасын бекитүү;

9) ЭЭЗ субъекттеринин реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү;

10) юридикалык жак тарабынан ЭЭЗ субъекти катары ишти жүзөгө ашыруу укугу үчүн төлөөнүн өлчөмүн, эсептөө жана алуу тартибин аныктоо;

11) ЭЭЗ бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү;

12) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасындагы ЭЭЗ башкы директорлорун жана алардын орун басарларын дайындайт жана бошотот.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары алардын компетенциясына киргизилген маселелерди чечүүдө, эгерде алар ЭЭЗ кызыкчылыктарын козгосо, ЭЭЗ башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча аракеттенет. Карама-каршылыктар келип чыккан учурда алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечилет.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-10)
