# 8-берене. ЭЭЗ түзүү жана жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205226)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 августа 2025 года № 197 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030092)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.08.2025 [Закон КР от 12 августа 2025 года № 197 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030092); 16.10.2017 [Закон КР от 16 октября 2017 года № 176 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111682); 30.12.2014 [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 177 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226#diff=25395..35621>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4993/edition/1236956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205226/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 8-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-8

---

1. ЭЭЗ түзүүнүн максаты, анын тиби, анда пландалган иштин мүнөзү, иштөө мөөнөттөрү, каржылоо булагы жана ишинин артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмеги аныкталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ЭЭЗ түзүлөт.

2. ЭЭЗ иштөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен узартылышы мүмкүн.

3. ЭЭЗ чек аралары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана өзгөртүлөт.

4. ЭЭЗ түзүүнүн максатына жетүү мүмкүн болбогон учурда, ал тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жоюлат.

5. ЭЭЗ мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими күчүнө киргенден тартып же ЭЭЗ иштөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ЭЭЗ башкы дирекциясы ЭЭЗ жоюу жол-жоболорун бүткөрүү үчүн ырааттуу он эки календардык айдан ашык эмес иштейт.

6. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Евразия экономикалык бирлигинин органдарына Кыргыз Республикасынын аймагында ЭЭЗ түзүү жөнүндө же болбосо ЭЭЗ иштешинин токтотулушу жөнүндө маалымат берет.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы № 176, 2025-жылдын 12-августундагы № 197 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-9)
