# 7-берене. Өзгөчө валюталык режим

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205226)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4993/edition/1236956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205226/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 7-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-7

---

1. ЭЭЗ аймагындагы өзгөчө валюталык режим чет өлкөлүк валюталардын эркин, анын ичинде юридикалык жана жеке жактардын ортосунда кызмат көрсөтүүлөрдө жана эсептешүүлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлүшүн карайт.

2. ЭЭЗ субъекттеринин тышкы соода ишинин чет өлкөлүк катышуучулары менен эсептешүүлөрү тараптардын макулдашуусу боюнча кандай болбосун валютада жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-8)
