# 6-берене. ЭЭЗ уюштуруунун жана иштөөсүнүн шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205226)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 211 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021148)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 211 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021148); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 16.10.2017 [Закон КР от 16 октября 2017 года № 176 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111682); 30.12.2014 [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 177 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226#diff=1236962..25395>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4993/edition/1236956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205226/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 6-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-6

---

1. ЭЭЗ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ЭЭЗ субъекттеринин иштерине бажы көзөмөлү жана бажы жөнгө салуусу камсыз кылынган атайын бөлүнгөн аймактарда түзүлөт.

2. Аймактын периметрин тосмолоого жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптарды кошуп алганда, ЭЭЗ аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

ЭЭЗ аймагында контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга карата талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдарды киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы N 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бажы көзөмөлү үчүн тосмолордун же башка шарттардын ылайыктуулугун ырастайт.

3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбаган учурда, ЭЭЗ субъекттерине жалпы салык режими колдонулат.

4. Калктуу конуштарынын 50 жана андан ашык пайызы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана/же алыскы зоналарында жайгашкан калктуу конуштар катары аныкталган администрациялык-аймактык бирдиктердин белгиленген чек араларында аймактары жайгашкан региондорду тездетип өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ, ЭЭЗ субъекттери орун алган аймак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажы контролун камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырууга жатат.

5. Иши бажы көзөмөлүнө жатпаган ЭЭЗ же ЭЭЗ субъектинин аймагы тосмолонбойт.

6. ЭЭЗ түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде анын башкы дирекциясын күтүүнү кошуп алганда, ЭЭЗ иштерине байланышкан өндүрүштүк, инженердик, транспорттук жана башка инфратүзүмдөрдү каржылоо республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен, ЭЭЗ өз бюджетинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

7. ЭЭЗ башкы дирекциялары жыл сайын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзөт. Түшкөн каражаттардан республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ар бир ЭЭЗ үчүн өзүнчө аныкталат. Түшкөн каражаттардан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмү 0,01%ды түзөт.

8. ЭЭЗ субъекттери ЭЭЗ аймагында ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шарттарда чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын пайдалануу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык иштерди жүзөгө ашыра алышат.

9. ЭЭЗ субъекттери катары ЭЭЗ аймагында өз иштерин жүзөгө ашыруу укугу үчүн ЭЭЗ субъекттери ЭЭЗ башкы дирекциясына жыл сайын акы төлөшөт.

ЭЭЗ субъекти катары ЭЭЗ аймагында ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражаттардын 0,5%дан 2%га чейинки өлчөмүндө белгиленет. Региондорду тездик менен өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ аймагында ЭЭЗ субъекти катары ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн акы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн каражаттардын 0,1%дан 2%га чейинки өлчөмүндө белгиленет.

10. ЭЭЗ субъекттерин алардын бажы, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча текшерүү ЭЭЗ субъекти катталган ЭЭЗ башкы дирекциясын кабарландыруу менен Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, ЭЭЗ субъекттеринин чарба иштерине кандай болбосун мамлекеттик органдын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы N 176 , 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 , 2024-жылдын 31-декабрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-7)
