# 5-берене. ЭЭЗ тыюу салынган иштер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205226)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 211 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021148)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 211 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021148); 11.05.2019 [Закон КР от 11 мая 2019 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111905); 30.12.2014 [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 177 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226#diff=1236962..25395>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4993/edition/1236956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205226/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 5-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштерге ЭЭЗ жол берилбейт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ЭЭЗ аймагында, ошондой эле ЭЭЗ субъекттерине иштин төмөнкү түрлөрүнө тыюу салынат:

1) пайдалуу кен байлыктарын иштетүүгө, аларды казып алууга;

2) акциздик товарларды өндүрүүгө жана сатууга, буга төмөнкүлөрдү жыйноону, өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу ишканалардын иштери кирбейт:

- 2000-жылга чейин катталган ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2402 коду менен классификациялануучу тамеки продукцияларын;

- ЭЭЗ субъекттери катары катталган датасына карабастан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы менен ЭЭЗ субъекттери катары катталган субъекттер деп ырасталуучу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптарга ылайык келген ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып чыгууну милдеттүү чектөө талабы менен ТЭИ ТН 2404 жана 8543 40 000 0 коду менен классификациялануучу никотин камтылган продукцияны, бир кутуда никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдарын, электрондук сигареттерди жана ушуга окшогон жекече электрдик буулануучу түзүлүштөрдү (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары) же ТЭИ ТН 2202 кодундагы, курамында кант кошулмаларын же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды;

3) куралдарды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, оңдоого жана сатууга, куралдарды жасап чыгарууда пайдаланылуучу жардыргыч заттарды өндүрүүгө жана сатууга;

4) радиактивдүү, ядролук жана башка коркунучтуу материалдарды өндүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, зыянсыздандырууга, сатууга;

5) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды ташып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга, буга аларды алып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу өндүрүштүк максаттарда пайдаланылуучу алардын прекурсорлору кирбейт.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ЭЭЗ аймагында жүзөгө ашырууга тыюу салынган иштин башка түрлөрүн аныктоого укуктуу.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2019-жылдын 11-майындагы N 60 , 2024-жылдын 31-декабрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-6)
