# 14-берене. ЭЭЗде колдонулуучу бажы жол-жобосу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205226)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 октября 2017 года № 176 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111682)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.10.2017 [Закон КР от 16 октября 2017 года № 176 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111682); 30.12.2014 [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 177 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226#diff=1236957..1236958>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4993/edition/1236956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205226/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 14-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-14

---

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы контролунун ченемдерин сактоо максатында ЭЭЗ аймагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бир бөлүгү болуп саналат.

2. Эркин бажы зонасы - ЭЭЗ субъекттери ЭЭЗ аймагынын чектеринде бажы алымдарын, салыктарын төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонбостон жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон чет өлкөлүк товарларды жайгаштырган жана пайдаланган бажы жол-жобосу.

Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдындагы товарларды жайгаштыруунун шарты жана тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажы көзөмөлүн камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган ЭЭЗ аймагында же ЭЭЗ аймагынын бир бөлүгүндө (ЭЭЗ субъектинин жайгашкан жеринде) колдонулат.

4. ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагына алып келинген чет өлкөлүк товарлар ЭЭЗ аймагына эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун шарттарына ылайык жайгаштырылат жана пайдаланылат.

ЭЭЗ аймагынан товарларды алып чыгуу бажы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ субъекти тарабынан тандалып алынган бажы жол-жобосунун шарттарында жүзөгө ашырылат.

5. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган ЭЭЗ аймагы бажы көзөмөлүнүн зонасы болуп саналат. ЭЭЗ субъекттеринин товарларын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырууга байланышкан бажы көзөмөлү жана бажы операциялары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. ЭЭЗ аймагына ЭЭЗ субъекттери тарабынан алып келинген жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарын, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаты үчүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сырткары жайгашкан катары каралат.

7. Регионду тез өнүктүрүү максатында түзүлгөн ЭЭЗ аймагында товарлар жагынан операцияларды жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттери алып кирген, алып чыккан, сактаган, даярдаган, кайра иштеткен, утилдештирген, сатып алган жана сатып өткөргөн товарлардын эсеп-кысабын жүргүзүүгө жана ЭЭЗ башкы дирекциясына бул товарлар боюнча отчетторду берүүгө милдеттүү. ЭЭЗ чегиндеги товарлар жагынан болуп өткөн ар кандай өзгөрүүлөр эсеп документтеринде чагылдырылууга тийиш.

8. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, ошондой эле ЭЭЗ башкы дирекциясы өз компетенциясынын чектеринде, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ субъекттери товарлар жагынан жүзөгө ашырган операцияларды көзөмөлдөйт жана эсебин жүргүзөт.

9. ЭЭЗ аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген товарларга карата:

1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;

2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

10. Эгерде товар бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук өндүрүлгөн же жетиштүү иштетүүгө/кайра иштетүүгө дуушар болсо, товар ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн болуп эсептелет.

11. Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүнү кошпогондо, ЭЭЗ өндүрүлгөн продукцияны Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттердин аймагына, ошондой эле бажы бирлигинин аймагынан тышкары жакка экспорттоо квоталоодон бошотулат.

Кайра иштетилүүчү айыл чарба продукциясын кошпогондо, ЭЭЗде өндүрүлгөн продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү квоталанат. Белгиленүүчү квотанын көлөмү жыл ичинде ЭЭЗ ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн ар бир ЭЭЗ үчүн өзүнчө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын аймагына ЭЭЗ өндүрүлгөн продукцияны алып келүүнүн белгиленген квотасынан ЭЭЗ субъекти ашырган көлөмүнө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш. ЭЭЗде өндүрүлгөн продукциянын экспортунун белгиленген квотасын сактоо көзөмөлүн Кыргыз Республикасынын бажы, салык органдары жана ЭЭЗ башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.

12. ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагына алып келинген жана ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагынан алып чыгарылган товарларды бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары ЭЭЗ башкы дирекциясына кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке ылайык ЭЭЗ аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу алдында жайгаштырууга болбойт.

14. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусунан айрылгандан кийин ЭЭЗ аймагына юридикалык жак алып келген товарлар эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылбайт.

15. Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөнүүчү продукцияларынын Улуттук көзөмөлдүк тизмесине киргизилген, ЭЭЗ aймагына алып келинген товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы N 176 , 2024-жылдын 31-декабрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-15)
