# 12-берене. ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу же болбосо андан айрылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205226)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930); 16.10.2017 [Закон КР от 16 октября 2017 года № 176 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111682); 30.12.2014 [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 177 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226#diff=1236960..1236961>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4993/edition/1236956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205226/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 12-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-12

---

1. Юридикалык жакты ЭЭЗ субъектинин статусунан сот тартибинде ажыратуу төмөнкү учурда жүргүзүлөт:

1) ЭЭЗ субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бир нече жолу бузулушун ырастаган соттук чечимдер болгондо ыйгарым укуктуу салык жана/же бажы органынын арызы болгон;

2) ЭЭЗ субъекти тарабынан ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишимди олуттуу бузганы же ЭЭЗ субъекти тарабынан аталган келишимди толук же жарым-жартылай аткаруудан бир тараптуу баш тартуусу жөнүндө ЭЭЗ башкы дирекциясынын арызы болгон;

3) чарба иштерин баштоо үчүн зарыл имараттарды, курулмаларды курууга жана/же ишке киргизүү, жөндөө жумуштарына кеткен убакытты албаганда, ЭЭЗ субъекти тарабынан үзгүлтүксүз он эки айдын ичинде чарба иштеринин жүргүзүлбөгөндүгү жөнүндө ЭЭЗ башкы дирекциясынын арызы болгон.

2. Юридикалык жакты ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу тараптардын макулдашуусу боюнча келишимди бузууда ЭЭЗ башкы дирекциясы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусун төмөнкү учурда жоготот:

1) ЭЭЗ жоюлганда;

2) ЭЭЗ чек аралары өзгөрүлүүсүнүн натыйжасында ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жак ишин жүзөгө ашырган аймак ЭЭЗ аймагынын сырткары чыгып калганда;

3) ошол юридикалык жак жоюлганда;

4) эгерде ишти жүзөгө ашыруучу жаңы орун ЭЭЗ аймагынан сырткары жайгашса, ошол юридикалык жактын ишти жүзөгө ашыруучу орду өзгөрсө;

5) ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим токтогондо.

4. ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу же болбосо андан айрылуу ЭЭЗ иштин шарттары жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди токтотууга негиз болуп саналат.

5. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыраган же андан айрылган күндөн тартып ошол юридикалык жак ЭЭЗ субъекттерине берилген жеңилдиктерден колдонууга укуксуз.

6. ЭЭЗ башкы дирекциясы ЭЭЗ субъектинин ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыратуу же болбосо айрылуу фактысын ырастаган документтерди алган, же болбосо анын негизинде ЭЭЗ субъекти ЭЭЗ субъектинин статусунан айрылган ченемдик укуктук акт күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактын ЭЭЗ субъектинин статусунан айрылганы тууралуу ЭЭЗ субъекттеринин реестрине жазуу киргизет.

7. Юридикалык жак ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыраган же болбосо андан айрылган учурда ЭЭЗ башкы дирекциясы юридикалык жакка он эки календардык күндүн ичинде ЭЭЗ аймагындагы имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды бузуу жол-жоболорун аяктоого мүмкүндүк берет.

8. ЭЭЗ субъекти катары юридикалык жакты эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк юридикалык жактын ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыраганы же андан айрылганы жөнүндө тиешелүү жазуу ЭЭЗ субъекттеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен ЭЭЗ башкы дирекциясына кайтарып берүүгө жатат.

9. ЭЭЗ башкы дирекциясы юридикалык жактарды каттоону (кайра каттоону) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Кыргыз Республикасынын салык, бажы органдарына, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органына жана Кыргыз Республикасынын банктык көзөмөл органына ЭЭЗ субъекттеринин реестрине тиешелүү жазуу киргизген күндөн кийинки он жумушчу күндүн ичинде юридикалык жактын ЭЭЗ субъектинин статусунан ажыраганы же айрылганы жөнүндө маалымат берет.

10. ЭЭЗ иштешинин мамлекеттик саясатын иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бажы бирлигинин органдарына ЭЭЗ cyбъектинин статусунан ажыраган же болбосо айрылган ЭЭЗ субъекттери жөнүндө маалыматтарды Евразия экономикалык бирлигинин органы тарабынан аныкталган тартипте берет.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2017-жылдын 16-октябрындагы № 176 , 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-13)
