# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер жана аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205226)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 211 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021148)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 211 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021148); 11.05.2019 [Закон КР от 11 мая 2019 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111905); 30.12.2014 [Закон КР от 30 декабря 2014 года № 177 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О свободных экономических зонах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205398)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226#diff=1236962..25395>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4993/edition/1236956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205226/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө, 1-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-1

---

1. Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) эркин экономикалык зона (мындан ары - ЭЭЗ) - ЭЭЗ субъекттери тарабынан экономикалык иштерди жүзөгө ашыруунун өзгөчө (атайын укуктук) режими колдонулган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Кыргыз Республикасынын аймагынын бир бөлүгү;

2) ЭЭЗ өзгөчө (атайын укуктук) режими - экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун жалпы белгиленген режимине караганда кыйла ыңгайлуу жөнгө салуу режимин белгилеген укук ченемдеринин жыйындысы;

3) ЭЭЗ башкы дирекциясы - ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлүүчү ЭЭЗ башкаруу органы;

4) ЭЭЗ субъекти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайра катталган) жана ЭЭЗ башкы дирекциясында эсептик каттоодон өткөн юридикалык жак, ошондой эле филиалдар (өкүлчүлүктөр);

5) ЭЭЗ субъекттеринин реестри - ЭЭЗ субъекти катары мамлекеттик жана эсептик каттоодон өткөн, ЭЭЗ субъекттери катары эсептик каттоодон ажыраган же болбосо жоготкон юридикалык жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган тизмек.

2. Ушул Мыйзамда колдонулган жарандык, бажы, салык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары мыйзамдардын бул тармактарында алар кандай пайдаланылса, ошол маанисинде колдонулат.

(КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 177, 2019-жылдын 11-майындагы N 60 , 2024-жылдын 31-декабрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205226/st-2)
