# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205222)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205222/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4989/edition/1119899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205222/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 5-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205222/st-5

---

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 14-статьяда: 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кенже, орто жана улук башкаруу курамындагы атайын наамдар боюнча бажы органдарынын кызматкерлеринин төмөнкүдөй кызмат өтөө мөөнөттөрү белгиленет:

1) бажы кызматынын прапорщиги - 5 жыл;

2) бажы кызматынын кенже лейтенанты - 1 жыл;

3) бажы кызматынын лейтенанты - 2 жыл;

4) бажы кызматынын улук лейтенанты - 3 жыл:

5) бажы кызматынын капитаны - 4 жыл;

6) бажы кызматынын майору - 5 жыл;

7) бажы кызматынын подполковниги - 6 жыл;

8) бажы кызматынын полковниги - ушул пункттун онунчу абзацында каралган учурлардан тышкары белгиленбейт.

Катардагы, кенже сержанттын, сержанттын, улук сержанттын, старшинанын, улук прапорщиктин атайын наамдарында кызмат өтөө мөөнөттөрү белгиленбейт. "Бажы кызматынын генерал-майору" - жогорку атайын наамы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын кызматын ээлеген адамга алты айдан эрте эмес, ал эми штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат. "Бажы кызматынын полковниги" атайын наамына ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын наамы бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин мөөнөтү "бажы кызматынын генерал-майору" жогорку атайын наамын ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет."; 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205222/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205222/st-6)
