# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205222)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 11-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205222/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4989/edition/1119899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205222/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205222/st-1

---

"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьяда "жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын" деген сөздөр ", башка мыйзамдарды жана алардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби Аскердик наамдарда, класстык чендерде, атайын класстык чендерде жана атайын наамдарда болуунун мөөнөтү тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет. Эгерде аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби, ошондой эле аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды алуу үчүн коюлуучу талаптар тиешелүү мыйзамдар менен аныкталбаса, алар алардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205222/st-2)
