1-берене
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда "жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын" деген сөздөр ", башка мыйзамдарды жана алардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби Аскердик наамдарда, класстык чендерде, атайын класстык чендерде жана атайын наамдарда болуунун мөөнөтү тиешелүү мыйзамдар менен белгиленет. Эгерде аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби, ошондой эле аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды алуу үчүн коюлуучу талаптар тиешелүү мыйзамдар менен аныкталбаса, алар алардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205222/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>