1-берене
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 14-беренеде:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса акимдин кызмат ордуна дайындоого сунуш кылуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы болду деп эсептелет. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалып алынды деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын ала албаса, добуш берүүнүн биринчи турунун жыйынтыгы боюнча добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи турун өткөрүү үчүн эки талапкерди аныктоо мүмкүн болбогон учурда добуш берүүнүн экинчи туруна талапкерлерди аныктоо үчүн добуштардын бирдей санына ээ болгон талапкерлердин ортосунда орто аралыктагы тур өткөрүлөт. Башка талапкерге караганда, добуш берүүгө катышкан депутаттардын көпчүлүк добуштарын алган талапкер добуш берүүнүн экинчи турунда тандап алынды деп эсептелет. Эгерде экинчи турдун жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең добуштардын бирдей санын алган учурда, ошол талапкерлер тандап алынды деп эсептелет жана алардын бирин акимдин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө маселени чечүү үчүн Премьер-министрге сунуш кылынат. Акимдин кызмат ордуна дайындоого сунуш кылуу үчүн талапкерди тандап алууну кийинки жыйналышка жылдыруу мүмкүн эмес."; 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине талапкерди сунуш кылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү райондун жергиликтүү кеңештерин таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу. Акимдин бош кызмат ордуна жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы тарабынан сунуш кылынган талапкер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө дайындалууга жатат.".
2. 15-берененин 1-бөлүгүндө:
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10) эгерде ал жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен колдоого алынса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир депутаттарынын демилгеси боюнча;"; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын: "10-1) эгерде ал жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын үчтөн биринин добуштары менен колдоого алынса, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин демилгеси боюнча.".
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205221/st-1" title="1-берене - "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>