# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-декабрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-декабрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1515/edition/600350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-декабрындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (08.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 8-декабры № 130

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 20-октябрындагы № 180-б буюрмасы менен Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Кадыркулов, Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 339-б буйругу менен Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Ю.М. Акматов өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өткөрүлгөн. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районунун Петровка, Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 26-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалсын.

2. Москва, Өзгөн, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
