Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Конституциялык Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-11.
КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 31-декабры № 228 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу (КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-бөлүк менен толукталсын: «8-1. Өкмөттүн ачык жыйналышынын видио-жана аудио жазып алуулары толук көлөмдө, кыскартылбай жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн расмий сайтына же болбосо Өкмөттүн расмий сайтына шилтемелерди милдеттүү жайгаштыруу менен жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарга жарыяланат. Өкмөттүн жыйналышынын видио-же аудио жазып алууларын белгиленген мөөнөттө жарыялоо мүмкүнчүлү болбогондо Өкмөттүн Аппараты жазып алуулар жарыялана турган мөөнөт жөнүндө маалымат жарыялайт. Жабык жыйналыштардын жазып алуулары Өкмөттө жашырындуулук режимин сактоо менен сакталат.».
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.