# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205117)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4984/edition/838561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205117/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө, 7-берене (08.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эгерде бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн, өндүрүш көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө;

3) ушул Мыйзамдын тиркемелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана тактоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.

2. Зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга карата тиешелүү түзөтүүлөр жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.

3. Министрликтер, ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар маанилүү иш-чараларды аткаруу үчүн аларды каржылоо булактары болгондо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашууга киргизүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-8)
