# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205117)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2015
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2015 года № 123 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2014 год и прогнозе на 2015-2016 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111166)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.06.2015 [Закон КР от 8 июня 2015 года № 123 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2014 год и прогнозе на 2015-2016 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111166); 31.12.2014 [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 183 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2014 год и прогнозе на 2015-2016 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/205435)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/205117#diff=838562..838563>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4984/edition/838561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205117/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө, 5-берене (08.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-5

---

1. 2014-2016-жылдарга мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 4506979,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен 2013-жылга жана мурунку жылдарга тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө жумшалсын.

3. 481521,0 миң сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө жумшалсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 400000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.

См. также: Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 11 апреля 2014 года №25-р

(КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 183, 2015-жылдын 8-июнундагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-6)
