# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/205117)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4984/edition/838561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205117/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө, 12-берене (08.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү кирешелерди теңдештирүү үчүн 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын жалпы 1299798,7 миң сом суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2015-2016-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2014-2016-жылдарга теңөөчү гранттарды каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашырсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттен каржылоо алгандан кийин, жергиликтүү бюджеттердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү боюнча чыгашаларды толук камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартышат.

5. Дотациялуу гана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоо жүргүзүлсүн.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/205117/st-13)
