# КР Президентинин 2007-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу" Жарлык

- Толук аталышы: КР Президентинин 2007-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу" Жарлык
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.08.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/205115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9070/edition/627979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/205115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2007-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу" Жарлык (27.08.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/205115

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2007-жылдын 11-апрели ПЖ № 168 Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик башкаруунун айрым органдарынын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүгүнө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары" деген бөлүкчөдөн кийин төмөнкү мазмундагы жаңы бөлүкчө кошулсун:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу бийлик органдары

III топ

Мамлекеттик кызматтын, Кызматтын төрагасы

IV топ

Мамлекеттик кызматтын, Кызматтын төрагасынын орунбасары".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлыктан келип чыккан тийиштүү чараларды кабыл алсын;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
